3-майга караган кечте катуу жааган жамгырдан улам Аксы районунун Ак-Жол айылындагы беш-алты үйдүн короосун, ички жолдун азыраак бөлүгүн жана бак-дарактарды сел каптады. Бул айыл баш ийген Ак-Жол айыл округунун башчысы Бердалы Мырзагулов билдиргендей, жабыр тарткандар жок.
Мырзагулов бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен чогуу чыгашаларды эсептөө жана зыян тарткандарга жардам берүү чаралары жүрөрүн кошумчалады. Эске салсак, ӨКМ 2-3-май күндөрү жааган нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экендигин эскерткен.