Жаңылыктар
Өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

Республикада жаан чачындуу туруксуз аба ырайы май айынын биринчи он күндүгүндө да уланат. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги “Биринчи радиого” билдирди. 

Маалыматка ылайык, 3-майга чейин бийик тоолуу райондорго кар түшсө, айрым аймактарда жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине тоскоолдук кылып, суунун көлөмү көбөйүп сел жүрүү коркунучун жаратат. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Айсулуу Гайбулла кызы, "Биринчи радио"