Жаңылыктар
Унаа токтотуучу жайлардан түшкөн каражат миллиондоп кимдин чөнтөгүнө түшүүдө?
Кыргызстан жаңылыктары
Унаа токтотуучу жайлардан түшкөн каражат миллиондоп кимдин чөнтөгүнө түшүүдө?

Бишкектен соода үйлөрүнө, базарларга атүгүл айрым ооруканаларга барсаң да машинени токтотуунун машакатына туш болосуң. Айрым жерлерге бекер токтотсоң, кээ бирлери дароо эле акча сурайт. 

Айдоочуну оңго солго айдатууга ышкырыгы жок, же колунда ала таягы жок бул адам Ош базарынын тегерегиндеги кичинекей көчөгө ээлик кылат. Улам келип токтогон ар бир унаадан 20 сомдон алат.

Бул тегеректе минтип акча таап, үй-бүлөсүн багып жатабыз дегендер 10 чакты. Айтымдарында алар өз үйлөрүнүн тушун ушинтип унаа токтотуучу жай кылып алышкан. Көпчүлүк айдоочулар муну кадыресе көрүнүш катары кабыл алып, парковка үчүн акча төлөп жатканда дүмүрчөк деле сурабайт. А эгерде сурап калсаң жооп даяр.

Негизи 3-4 жыл мурда жаңы жобо иштелип чыкмайын, унаа токтотуучу жайлардын баары акысыз болот деген Бишкек мэриясынын токтому чыккан. Бирок ушул тапта ар бир токтотуу жайда, карапайым элден түшкөн акчалар сол чөнтөккө миллиондоп кетип жаткан жокпу?