Жаңылыктар
КР Эл артисти Сатыбалды Далбаевди калың журту акыркы сапарга узатты
Кыргызстан жаңылыктары
КР Эл артисти Сатыбалды Далбаевди калың журту акыркы сапарга узатты

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын, "Манас" ордени, "Даңк" медалынын ээси Сатыбалды Далбаевди калың журту акыркы сапарга узатты. Коштошуу зыйнатында залкар талантты расмий бийликтин өкүлдөрү, кесиптештери, жакындары жана талантын баалаган замандаштары эскеришти.

Кыргыз эли опол тоодой орду бар орошон таланттуу инсанынан айрылды. 85 жаш курагында дүйнө салган театр өнөрүнүн корифейлеринин бири Сатыбалды Далбаевдин кесипкөйлүгү, кылган эмгектери, адамдык асыл сапаттары элибиздин жүрөгүндө эч унутулбай бекем сакталаарын замандаштары айтып, эскеришти.

Кесипкөйлүгү менен адамдык бийик сапаттары жуурулушкан асыл инсандын таланты, чеберчилиги, жумшак мүнөзү, айкөлдүгү кесиптештеринин эсинен кетпейт.

60 жылга жакын өмүрүн чыгармачылыкка арнаган улуу таланттын репертуарында Шекспир, Островский, Хикмет, Айтматов сыяктуу дүйнөлүк адабияттын залкарларынын, театр алптары Абдумомунов, Жакиев, Байжиев сындуу чыгаан калемгерлердин чыгармаларынан жаралган жаркын образдар бар. Өзгөчө совет мамлекетинин негиздөөчүсү Лениндин образын эң мыкты жаратып, 20 жыл бою театрдын сахнасында тынымсыз ойногон.

Ошондой эле Ч.Айтматовдун “Жамилясындагы” Сейиттин образын, Б.Жакиевдин “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” пьесасындагы Карыянын ролу улуттук сахна өнөрүбүздүн көөнөргүс классикасы болуп саналат.

Эл аралык “Руханият” ассоциациясынын жана Айтматов сыйлыктарынын ээси Сатыбалды Далбаевдин көркөм маданият менен театр искусствосуна сиңирген эмгеги жогору бааланып,1974-жылы Кыргыз ССРнин Эл артисти болгон. Ал эми 2000-жылы өзү туулуп-өскөн айылындагы орто мектепке ысымы ыйгарылган.

Өмүрү өрнөк болгон улуу талант Ала-Арча көрүстөнүнө коюлуп, куран түшүрүлдү.