Жаңылыктар
Уранды иштетүүгө каршы эки митинг өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Уранды иштетүүгө каршы эки митинг өтүүдө

Бишкекте уранды иштетүүгө каршы эки митинг өтүүдө. Биринчиси жашылдар партиясынын өкүлдөрү тарабынан "Ала-Тоо" аянтында уюштурулууда. Алар соттун борбордук аянтта жана өкмөт үйүнүн алдында акция өткөрүүгө тыюу салган чечимине карашкан жок. Экинчи митингди Ысык-Көл облусунун тургундары Максим Горький атындагы сейил бакта өткөрүшүүдө.

Алардын талаптары - Ысык-Көл облусунда жана бүтүндөй Кыргызстанда уран иштетүүгө тыюу салуу. Буга чейин уран кенин иштетүүгө каршы бир катар митингдер өттү. Кечээ, 29-апрелде Балыкчыда уранга каршы жүрүш болгон. 22-апрель күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кендеги ишти убактылуу токтотуу боюнча тапшырма берген. 

Кенди чалгындоо үчүн лицензияны UrAsia in Kyrgyzstan компаниясы 2010-жылы алган. Ишкана кенди иштетүүгө дагы уруксат алууну пландап жаткан болчу. Бирок, 25-апрелде, Кубатбек Боронов жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда лицензия артка чакыртылганын билдирген.