Улуу Жеңиштин белгиси деп аталган кызыл байрак Кыргызстанга тапшырылды. Соңку жылдары өлкөдө Жеңиштин урматына, майрамдын астында дал ушундай жөрөлгө салтка айланган көрүнүштөрдүн бирине айланды. Кыргызстандагы Орусия элчилиги тарабынан тапшырылган бул белги эми өлкөдөгү ар бир шаарга таратылат. Мындай кадам Улуу Ата Мекендик согушка катышкандарга сый-урмат катары көрсөтүлөт.
“Бизде да 9-майга карата жакшы даярдыктар башталды. Муну эми башка шаарларга жана аймактарга таратабыз”,- деди Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров.