Жаңылыктар
Жаңы автобустардын майрамдагы алгачкы иш күнүн
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы автобустардын майрамдагы алгачкы иш күнүн

Үналгыдан патриоттук ырды коюп, өзү болсо ак көйнөк, галстук тагынып, көңүлдүү маанайда кетип бараткан Койгелди Асанбеков, бир караган адамга кайсы бир тойго же, концертке бара жаткандай сезилиши мүмкүн. Бирок Койгелди ага эми мындай форма менен күн сайын жумушка чыгып, жүргүнчүлөрдү ташыйт.

Дал ушундай маанай жана кийим менен бул жолу 60 айдоочу Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү тейлөөгө чыгышты. Мындай жагдай албетте биринчиден шаардыктарды кубантса, экинчиден шаардагы коомдук транспорттор жаңырып, көчөлөр көрккө бөлөнө түштү.

Жүргүнчүлөр байкагандай, жаңы автобустар чындыгында эле кыйла сапаттуу жана жүргүнчүлөргө ылайыктуу экен. Мурдагы автобустардын отургучтары желим болуп, кышкысын жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаралса, жылууланган отургучтары менен автобустар Бишкек шаарынын тарыхында алгачкы ирет алынып келинди. Ал эми экинчи жаңы каттам, 36-автобус Ак-Өргө конушунан башталып, калаа борбору аркылуу "Шоро" компаниясы тарапка барат. Калган автобустар болсо, мурдагы каттамдарга кошумча иретинде киргизилди.