Жаңылыктар
Бишкек шаарына туура 141 жыл болду
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарына туура 141 жыл болду

1825-жылы Пишпек, 1926-жылы Фрунзе, эгемендик алгандан кийин, тагыраагы 1991-жылы Бишкек деп өзгөргөн сүйүктүү борборубузда ар улуттун өкүлдөрү ынтымакта, биримдикте жашайт. Ордо калаанын туулган күнүнө карата сейил бактарда маданий, спорттук иш-чаралар өттү.

Свердлов районундагы №32, 46, 16, 33, 10 жана 35-орто мектептердин окуучулары шаар күнүн белгилөөгө чогулушту. Чүчү кулак ташталып, кезек-кезеги менен өнөрлөрүн тартуулап, спорттук мелдештерге катышты. Бул окуучулар музыка мугалими менен "Бишкегим" деп аталган ырды кайра-кайра кайталап жатышат. Мунун себеби, - башка окуучулар алдында татыктуу аткаруу эле.Спорттук иш-чаралардын тизмесине аркан тартыш, волейбол, баткетбол жана футбол кирген. Мелдеш футбол оюнунан башталды. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер коюлган. 

Шахмат боюнча өткөн өспүрүмдөр арасындагы турнирдин финалдык бөлүгү шаар күнүнө белгиленген. Турнир 26-апрелде башталып, 60 ыктыярдуу катышуучу мөрөй талашкан. Индиялык актёр Митхун Чакробортинин мекендештери да четте калган жок. Алар жаштар аллеясына келип, кыргыз ырчыларынын чыгармалары менен кошо индия ырларын жаңыртты.

Борбор калаанын туулган күнүнүн урматына, дени сак жашоону үгүттөө максатында спорттук түрлөрү боюнча атайын программалар уюштурулду. Спортчулар шаар тургундарына жөндөмүн көрсөттү. Мектеп окуучулары сүрөт тартып, кол өнөрчүлүктүн жаңы ыкмалары менен таанышты.