Бишкекте 6-майдан тарта 6-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт. Мэриядан билдиргендей, тийиштүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду. Мындай аракеттер ысык суу түтүктөрүн оңдоо жана жылытуу мезгилине даярдык көрүү үчүн жасалууда.
Калаа жетекчилиги келтирилген ыңгайсыздык үчүн тургундардан кечирим сурайт. Эске салсак, былтыр ысык суу 21-майдан 21-июнга чейин өчүрүлгөн.