Жаңылыктар
Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт!
Кыргызстан жаңылыктары
Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт!

30-апрелинде жана 2-3-май күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт, мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.