Кыргызстанда электрондук түрдө салык төлөгөндөрдүн саны көбөйүүдө. Салык кызматы кабарлагандай, жыл башынан бери эле электрондук түргө өткөндөр 30 миңге көбөйүп, жалпы колдонуучулардын саны 130 миңден ашкан.
Бул кызмат көрсөтүү салык төлөөчүлөр үчүн өтө ыңгайлуу, себеби, убакытты үнөмдөөгө, электрондук түрдө отчёт жиберүүгө, электрондук патент сатып алууга жана Салык кызматынын башка электрондук кызматтарын пайдаланууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле Салык кызматынын сайтына киргендердин саны жылдан-жылга өскөн, былтыр сайт 6 миллион жолу каралган.