Жаңылыктар
Бишкек шаарынын күнүнө карата Чүй көчөсүнүн бөлүгү жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын күнүнө карата Чүй көчөсүнүн бөлүгү жабылат

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын күнүнө карата "Ала-Тоо" аянтында майрамдык иш-чаралар өтөт. Буга байланыштуу Чүй көчөсү Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин автоунаалар үчүн жабылаарын Бишкек мэриясы кабарлады. Жабылган жолдор түнкү саат он экиден кийин ачылат. 

Мындан сырткары, коопсуздук чаралары үчүн адамдар аянтка сегиз өткөрмө жайлары аркылуу киргизилет. Атайын өткөрмө бекеттер Рыскулов-Орозбеков, Рыскулов-Раззаков, Пушкин-Эркиндик, Чүй-Эркиндик, Раззаков-Киев, Орозбеков-Киев, Панфилов-Чүй, Панфилов-Рыскулов көчөлөрүндө онотулат.

Шаар күнүн майрамдоодо миңдей милиция кызматкери коомдук коопсуздукка көз салып, «Тез жардам» жана өрт өчүрүү кызматтары да иш алып баратат. Мэрия айдоочуларды алдын-ала маршруттарын аныктап алууга чакырат.