Жаңылыктар
Жогорку Кеңеш өкмөттүн жылдык отчетун жактырды
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңеш өкмөттүн жылдык отчетун жактырды

Узап бара жаткан аптада Парламент өлкөдө болуп жаткан экономика, экспорт, инвестиция, экологиялык маселелер, туризм менен элдин саламаттыгы жана башка кендерди кесип турган маселелерди Өкмөт менен эки күн ачык айкын кенен талкуулады. Өкмөт да коомчулук үчүн ачык экенин айткан Абылгазиев суроо-жоопко жазылган ар бир депуттын суроо-сунуштарына жеткиликтүү жооп берүүгө аракет кылып, кетирилген кемчиликтерди мойнуна ала турганын билдирди. 

Анда кеп башынан болсун. Бул жолу Өкмөттүн аткарган иштери боюнча маалыматын Парламентке жаңы ыкмада даярдап келгенин депуаттар артыкчылык катары белгиледи. Көлөмдүү баяндамага тармактар боюнча жетишкендик менен өксүктөр, экономикадагы оош-кыйыштар цифралар менен келтирилген жана быйыл аткарыла турган иштер да камтылган. Премьер-министрдин парламентке бир сааттан ашыгыраак кенен баяндамасы аягына чейин салыштырма маалыматтар менен коштолду. 

Абылгазиев 2019-жылдагы негизги экономикалык көрсөткүчтөргө токтолду. Өткөн жыл коомдук-саясий, маданий окуяларга бай жыл болгонун белгилеген Абылгазиев Өкмөт үчүн макроэкономиканы турукташтырууда, социалдык кырдаалды жакшыртууда олуттуу сыноолордун мезгили болду-деди. Ага карабай Өкмөт экономикалык абалды туруктуу сактай алды жана бардык секторлордо өсүш камсыз болду. Буга өлкөнүн эл аралык рейтингдердеги ээлеген ордунун жакшырганы далил.