25-26-апрель күндөрү Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагына караштуу Зардалы айылынын Бору-Корбос участкасындагы жолго таш кулады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.
Алардын айтымында, Зардалы айылынын Бору-Корбос участкасына унаа бара албайт. Бул аймакта Зардалы айылына баруучу тоо боорунан кеткен чыйыр жол бар. Андан бир гана адам өтө алат.
«Жолду кулаган таш бузгандан кийин жөө жүргүнчүлөр да өтө албай калышты. Баткен районунан унаа менен Бору-Корбос участкасына чейин келип, андан ары дал ушул чыйыр жол аркылуу Зардалы айылына барышчу», - деп билдиришти тургундар.
Бүгүнкү күндө жол кооптуу болгондуктан жергиликтүүлөр айылга бара албай калышкан.
«Айылдагылар малын жайып, кээ бири Баткенге жумуштары менен барып, кайра келе жатканда жол бузулуп, малдар да, адамдар да өтө албай калдык. Жолдон кокус бутуң тайып кетсе жарга кулайсың. Жергиликтүү бийлик жол каттамын ачып берсе жакшы болмок. Эл өзү да колдон келген аракетин көрүп жатат», - дейт жергиликтүү тургун Акылбек Дилшатов.
Ал эми ӨКМдин Баткен райондук бөлүмүнүн башчысы Туратбек Турдуев жергиликтүү бийлик, эл менен биргеликте жол каттамын ачуу аракети көрүлөрүн билдирди.
Зардалы айылында жалпысынан 67 кожолук бар. Азыркы учурда 30 кожолук жашайт.