Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев артыкчылык берилген калктуу конуштар жөнүндөгү токтомго кол койду. Документ - өндүрүштүк, экспортко багытталган жана инновациялык ишканаларды ишке киргизген калктуу конуштарды колдоону көздөйт.
Тактап айтканда иши ийгиликтүү баштап жаткан өндүрүш болсо аларды салыктын төрт түрүнөн - сатуудан түшкөн, киреше, жер салыгы жана кыймылсыз мүлк салыгынан бошотот. Мындай жеңилдик 5 жылдык мөөнөткө чейин уланат. Эгерде ишкананын өндүрүш көрсөткүчү жакшы болсо андай женилдиктерди берүү дагы беш жылга узарат.
Мындай кадамы менен өкмөт өндүрүш тармагына кагаз жүзүндө эмес иш жүзүндө реалдуу шарт түзүп берип жатат. Бул багытта туруктуу өндүрүш көрсөткүчү менен айырмаланган 30 калктуу конуш тандалып алынган.