Жаңылыктар
Өкмөттө Улуу Жеңиш күнүнүн өткөрүү боюнча жумушчу кеңешме өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөттө Улуу Жеңиш күнүнүн өткөрүү боюнча жумушчу кеңешме өттү

Кыргыз өкмөтүнүн аппаратында Улуу Ата Мекендик Согуштагы жеңиштин 74 жылдыгын өткөрүү боюнча жумушчу кеңешме өттү. Жеңиш майрамына карата өтчү иш-чараны уюштуруу жана ага даярдык көрүү милдеттери тиешелүү министрликтер менен ведомстволорго жүктөлгөн. Жеңиш күнүн белгилөөнүн урматына

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик Согуштун бардык ардагерлерине бир жолку кошумча жөлөк пул төлөнөт. Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында митинг-реквием, майрамдык концерт өткөрүлүп, советтик мезгилдеги аскердик техника көргөзмөсү уюштурулат. Борбор калаада жана аймактарда Жеңиш күнүнө арналган көргөзмөлөр, салтанаттуу иш-чаралар өтөт. Негизги масштабдуу иш-чара — "Өлбөс полк" акциясы. Мындан тышкары, жогорку окуу жайлар менен мектептерде тегерек столдор уюштурулуп, лекциялар окулат.