Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кениндеги иш толугу менен токтоду. Өкмөт Кызыл-Омполдогу уранга геологиялык чалгындоо үчүн "ЮрАзия" компаниясына берилген лицензияны кайра кайтарып алды. Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт өкүлдөрү жергиликтүү эл менен жолугушту.
22-апрелде өкмөттүн чечими менен Кызыл-Омпол уран кенинин иши убактылуу токтотулган. Мындай жагдайды өз көзү менен көрүп, элдин да суроосуна жооп бериш үчүн, уран кени жайгашкан аймака биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт өкүлдөрү келишти. Ушул тапта бул жерде эч кандай техника жана бир дагы жумушчу жок.
Өткөн ишемби күнү келген кезде бул жайда абал таптакыр башкача болчу. Азыр болсо өзүңүздөр көрүп тургандай бул жердеги жумушчулар жайгашкан имарат эшиги жабык, сыртына мөөр басылган кагаз турат. Бул жайга күзөтчүлөрдүн эле көз салып турганы болбосо, башка кыбыр эткен жан жок.
Чындыгында Кызыл-Омполдо иш токтотулганына ынанган өкмөт мүчөлөрү андан ары жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Атайын уран кенине байланыштуу толук маалымат жеткирүү максатында барган биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов баштаган топ «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынып, кенди иштетүүгө толук тыюу салынгандыгын кабарлады.
Балыкчы шаарындагы маданият үйүнө 400 дөн ашык жергиликтүү эл чогулган. Алар уран кенин иштетүүдө келе турган зыяндарды чекесинен санап, ошол эле убакта кенди иштетүүгө таптакыр тыюу салууну жана мыйзам бузуулар боюнча тийиштүү жетекчилердин жоопкерчилигин кароону талап кылышты.
Эл мүдөөсүн толук уккан Кубатбек Боронов, лицензияны кайтарып алган документ жакынкы күндөрү жергиликтүү калкка жеткирилээрин убада кылды. Кезегинде өлкө келечеги үчүн күйгөн патриот жигиттердин катарын толуктай турган жаран катары айткан сөзүнөн кайтпай турганын ырастады.
Сөзүнүн аягында Боронов, алдыда туристтик сезон келе жаткандыктан ар кандай митингдер жана каршылык акциялары ага кедерги болот. Андан көрө жакшы тарап, мындан аркысын дагы жакшылык менен уланталы деген пикирин айтып өттү.