Чүй облусунда "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында дагы 19 камера иштей баштайт. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети билдиргендей, камералар 26-апрелден тарта ишке кирет.
Камералар Бишкек — аэропорт "Манас" трассасында 8 жерде, Бишкек — Кордай трассасында 3 аймакта,
Бишкек — Нарын — Торугарт трассасында 8 жерде орнотулган.