Жаңылыктар
Эти чүйгүн, сүтүнүн дарылык касиети бар топоздор кандай шартта багылат?
Кыргызстан жаңылыктары
Эти чүйгүн, сүтүнүн дарылык касиети бар топоздор кандай шартта багылат?

Нарындын Орто-Нура айылынын тургуну Бактугул Мукамбетов топоз багууну өздөштүрүп, алардын сүтүн саап алууда. Он чакты топозду төлдөтүп, азырынча аларды үйрөтүп жаткан убагы. Жарты жапайы жаныбардын сүтү ден соолукка да пайдалуу жери көп. 


Өзүн Бактыгул деп тааныштырган мырза топоз багып, атүгүл аны уйдай эле саап жатат. Азырынча короосунда онго чукул топозу бар. Жаны тынбаган жандыкты колго алып, багып баштаганына төрт жылдан ашты. Жаз алды менен төлдөгөнүн четинен кармап, саап баштайт. Сүтү болсо даары. Бирок багуу түйшүгү оңой эмес.

Топоз уйга караганда бир топ эле таза, тартиптүү болот экен. Эгер аны көндүрүп алса. Топоздун сүтү майлуу болуп, андан айран уютса даамы ооздон кетпеген сапаттуу азык чыгат. Сүтүнүн үстүнө турган каймагынын калыңдыгы эки элиден ашат экен. Андыктан адамдын ден соолугуна тийгизген пайдасы да көп.

Негизи топоздор бийик тоолуу аймакты жактырат. Жайыттын да майлуу-сүттүү, берекелүү жерин тандай билет. Демек, кайберен менен ырыскылаш болуп, тээ чокудагы дары чөптөр менен гүлү буркураган сейрек чөптөрдү терип жейт. Адамдын колун көп карабайт. Зарыл болгон учурда топоз суткасына 70 чакырым жерге чейин жөн гана басып өтө алат.