Суу чарба жана мелиорация департаменти бюджеттин эсебинен жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен суу сактагычтардын жана суу каналдарынын курулушун жүргүзүүдө. Президент Сооронбай Жээнбеков 2023-жылга чейин 32 суу чарба объектилери ишке берилерин билдирген.
Ирригациялык объектилердин көпчүлүгү 40-50 жыл мурда курулган. Суу каналдары кыйрап жок болуп, миңдеген гектар жерлерге суу жетпей калууда. Айыл чарбасына артыкчылык берген өлкөдө мындай көйгөйлөрдү жоюу учурдун талабы болуп турат. Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик программага ылайык 2023-жылга чейин 27 миң гектар жаңы сугат жерлери пайда болоорун белгилеген. Суу чарба жана мелиорация департаменти быйылкы жылга каралган долбоорлорду бекитти.