Быйыл коомдук транспортто электрондук билеттер колдонууга киргизиле баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Президент Сооронбай Жээнбековго жаңы автобустарды көрсөтүп жаткан учурунда билдирди.
Калаа башчысынын айтымында, жолдо жүрүүгө электрондук билет аркылуу төлөө ыкмасы 3-4 айдын ичинде ишке киргизилет. Азыркы учурда Швейцариялык компания менен келишим түзүлүп, кол коюуга даярдалууда. Келишим түзүлгөндөн кийин компания автобустарга тиешелүү жабдыктарды орнотуп, электрондук билеттерди даярдай баштайт.