Бишкектеги жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автоунаа ишканасы жаңы 60 автобус менен толукталды. Унаа каражаттары бүгүн Ала-Тоо аянтында көрсөтүлүп, иш-чарага Президент Сооронбай Жээнбеков катышты.
Автобустар Кытай компаниясы тарабынан бир даанасы 71 миң доллардан алынып келинген. 60 автобустун жалпы наркы 300 млн сом болду. Унаа каражаттары газ менен жүрөт. Толук автоматташтырылган.
Бишкек жүргүнчүлөрүн ташуучу автоунаа ишканасынин директору Нурлан Койчубаковдун айтымында, борбор калаада 48чи жана 36чы жаңы маршруттук каттам ачылды. Жаңы автобустардын бир бөлүгү мына ушул каттамдарга, калганы азыркы учурда иштеп жаткан линияларга коё берилет. Автобустар 29-апрелде шаар күнүндө ишке киргизилмекчи.