25-апрель күнү эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин Бишкектин айрым райондорунда таза суу болбойт. Муниципалитеттин маалымат кызматы тараткан билдирүүгө караганда, суунун убактылуу токтотулушу "Батыш" суу кампасындагы оңдоо иштерине байланыштуу.
Ага ылайык, Сыдыгалиев, Профсоюз, Фучик көчөлөрү жана темир жол линиясында, Кызыл-Аскер району, "110 квартал" конушу, "Достук" кичи районунда суу болбойт. Мындан улам иче турган суунун запасын көбүрөөк камдап алуу зарыл.