Ордо калаадагы көпчүлүк тротуарлар жөө адамдар өтчү жол эмес эле, соода-сатыкка ыңгайлашкан же унаа токтотуучу жайга айланып калган.
Бишкек шаарындагы Манас проспектиси менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишиндеги тротуар. Бул жердеги автоунаалар жөө адамдар өтчү жолдун жарымына чейин кирип алышкан. Ал аягын жетпей таптакыр бүтүп калат. Себеби бул жол автоунаа токтотуучу жай болуп калгандыктан, жөө адамдар айланып өтүүгө аргасыз.
Шаардын так ортосунда ушундай көрүнүш болуп жатса, чет жакасында кандай башаламандык болуп атканын айтпай эле коелу.
Жыл сайын Бишкек мэриясы бир катар көчөлөрдү оңдоп ага айдоочулар алкыш айтканы менен, жөө адамдар басчу жолго жетиштүү көңүл бурулбай келет.
Быйыл дагы калаанын 200 чакырым жолун реконструкциялоо менен кошо жол чекесиндеги арыктарды жана тротуарларды оңдоо пландалган. Бирок бюджеттин бекитиле электигинен улам, ремонттоо иши ушул кезге чейин башталбай турат.