Жаңылыктар
Башкы прокуратура чет өлкөдө соттолгон 28 кыргызстандыкты экстрадициялады
Кыргызстан жаңылыктары
Башкы прокуратура чет өлкөдө соттолгон 28 кыргызстандыкты экстрадициялады

Жыл башынан бери Башкы прокуратура чет өлкөдө соттолгон 28 кыргызстандыкты экстрадициялады. Маалыматка караганда, чет жерде жалпы 1 миң 782 кыргызстандык жаран жаза өтөп жатат.

2018-жылы Башкы прокуратура чет жердеги түрмөлөрдө жаза өтөп жаткан 124 кыргызстандыкты экстрадициялоо тууралуу чечим кабыл алган. Жаза өтөп жаткан кыргызстандыктардын басымдуусу Орусия, Казакстан, Тажикстан, Кытай жана Өзбекстандын абактарында отурат. Алар каракчылык менен кол салуу, зордуктоо, уурдоо, адам өлтүрүү, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү айыбы менен кармалышкан.