Жаңылыктар
Уран кенине комиссия барды
Кыргызстан жаңылыктары
Уран кенине комиссия барды

Мына ушул уран кениндеги чалгындоо иштерине байланыштуу өкмөттүк комиссия түзүлдү. Жаңы түзүлгөн комиссия уран кени менен жеринен барып таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, сүйлөшүүлөр жүрдү. Акыркы аптада коомчулукта кызуу талкууга алынып жаткан уран кенинде эмне болуп жатат? Деги эле аны чалгындап жаткан кимдер? 

Ушул тапта кенде жүрүп жаткан иштердин адамдын ден соолугуна, айлана-чөйрөгө жана мал чарбачылыгынын абалына тийгизген таасирин иликтеп чыгуу максатында атайын комиссия тузүлдү. Анын курамына министрлер, мекеме жетекчилери, Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү, аким, айыл өкмөт башчылары болуп 20га жакын киши кирген. Ага Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов төрагалык кылат.

Эми комиссиянын курамына кирген ар бир министрлик 10 күндүн ичинде план бекитип, анда көрсөтүлгөн багыттар боюнча иш алып барат. Алсак, өзгөчө кырдаалдар министрлиги гидрометрология боюнча өзүнчө план түзсө, айлана- чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги экологиялык, радиациялык коопсуздук боюнча иш алып барат.

Жергиликтүү тургундардын пикиринде түзүлгөн комиссия тууралуу калк маалымдар болгон эмес. Ошондой эле бул аймакта ушул тапта чалгындоо болбой эле, кенди иштетүү жүрүп, жер кыртышына зыян келип жатат деген пикирлер бар. Буга кошумча түзүлгөн комиссиянын тутумуна жергиликтүү тургундар кирбей калды деген ойлорун айтышты.

Чындыгында жергиликтүү тургундардын минтип эки жаатка бөлүнүп, тынчсызданып жатканынын деле жөнү бар. Анткени азырынча кенди иштетүү баштала электиги, учурда жөн гана чалгындоо иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат толук жеткен эмес.

Ошентип эки тараптуу кайым айтышуунун аягы иликтөө иштерин жүргүзүүгө биргеликте киришели деген тыянак менен коштолду. Нааразы болгон тарап менен комиссия мүчөлөрү сүйлөшүп, аларды да комиссияга мүчө болууга чакырышты. Мындай сунушка макул болгон нааразы тарап, өкмөт мүчөлөрүн маселени калыстык менен чечилишине салым кошууга чакырышты.