«Санариптештирүү менин президенттик ишимдин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет». Мындай пикирин Сооронбай Жээнбеков Ош шаарында өткөн «Санарип Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү» деп аталган телекоммуникациялык улуттук форумда айтты. Санариптештирүү маселеси боюнча мындай форматтагы форум биринчи жолу өтүп жатат.
Ноокаттыктар билим беруудо санариптик программаларды кенири колдонуп баштады. Мисалы, «Коопсуз мектеп» программасы райондогу 35 мектепте иштеп жатат. Андан сырткары, китепкана, класстык журнал, жадагалса окуучулардын кундолугуно чейин электрондоштурулган.
Бул билим беруу тармагындагы жанылыктардын бир чети гана. Ал эми кызмат корсотуудо бир катар жаны программалар иштелип чыгып, бугунку кундо жарандар натыйжалуу колдонуп баштады. Мисалга тез жардам кызматынын автоматташтырылган системасын айтсак болот. Форумдун ачылышында Мамлекет башчысы санариптештирүү президенттик ишинин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берерин дагы бир ирет белгиледи. Президент олкону санариптештируудогу негизги кадамдарга кенири токтолду.
Мындай форматтагы Форум өлкөдө биринчи ирет өтүүдө. Анда, Президенттин кеңешчиси Дастан Догоев санариптик трансформация тууралуу баяндама жасады. Дастан Догоев мамлекет башчысы санариптештируу багытында иштерди натыйжалуу жана ачык-айкын алып баруу учун эксперттик топ тузууну демилгелегенин айтты.