Жаңылыктар
Президент паспорт тендери боюнча пикирин билдирди
Кыргызстан жаңылыктары
Президент паспорт тендери боюнча пикирин билдирди

Мен жарандык сектордун ой-пикирине чоң сый-урмат менен мамиле кылам, бирок шашылыш жыйынтык чыгарбоого чакырам. Муну мамлекет башчысы Ош шаарында өтүп жаткан «Санарип Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү» деп аталган биринчи телекоммуникациялык форумда биометрикалык паспортторду сатып алуу тендеринин айланасындагы абал боюнча билдирди. 

Сооронбай Жээнбеков - "Санариптештирүү анын президенттик ишинин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет. Ошондуктан мен бул чөйрөдөгү бардык маселеге кылдат көңүл бурам. Жакында эле Мамлекеттик каттоо кызматы тармагындагы тендерге байланыштуу жооптуу кызматкерлер кармалды. Бул коомдо резонанс жаратты. Биздин жарандык коом абдан күчтүү, жарандарыбыз мамлекеттик маселелерге кайдыгер мамиле кылбагандыгы жакшы көрүнүш. Бирок, тендердин айланасында көп талаш-тартыштар жүрүп жатат. Ошондуктан, шашылыш жыйынтык чыгарбоого чакырам. Бардыгы мыйзамдын алкагында болушу керек. Мыйзамдуулук баарына бирдей. Эгерде мыйзам бузулса, анда ким болсо да жоопкерчилик тартсын», - деди Жээнбеков. Ошондой эле укук коргоо органдары да мыйзамды катуу карманышы керектигин кошумчалады. «Азыр паспорт тендери ызы-чуу жаратты, эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурду. Ошондуктан, мыйзам базасын жакшыртып, коррупциялык элементтери болсо, алып салуу керек. Азыр парламент сатып алуулар тууралуу мыйзам долбоорун да карап жатат. Тендер жараянынын ачыктыгын жана аларга карата ишенимди жогорулатуу зарыл», - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.