Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кениндеги чалгындоо иштерине байланыштуу өкмөттүк комиссия түзүлдү. Комиссия курамына министрлер, мекеме жетекчилери, өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү, аким, тийиштүү айыл өкмөт башчылары болуп 20дай киши кирген.
Ага Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов төрагалык кылат. Маалыматтарга караганда, жаңы түзүлгөн комиссия 20-апрелде уран кени менен жеринен таанышып, маселе өкмөттүк деңгээлде карала турганы айтылган.
Буга чейин Көк-Мойнок айыл аймагынын башчысы Майрамкүл Кыдыралиева Кызыл-Омпол уран кенинде чалгындоо иштери гана жүрүп жатканын айткан.
Ал иштер изилдөөгө алынган лицензиянын негизинде эле жүргүзүлүп жатканын белгилеген. 2015-жылы Кызыл-Омполдун "Таш-Булак" тоо-кен тилкеси мамлекеттик баланска коюлган. Анда 1 миң 632 тонна уран, 3 миң 338 тонна торий, 33 миң 800 тонна цирконий жана 4 миң 102 тонна титан магнитинин запасы бар экени аныкталган.