Жаңылыктар
Тышкы саясаттын жемиши
Кыргызстан жаңылыктары
Тышкы саясаттын жемиши

Германия Европадагы эң кубаттуу өлкө. Анын экономикалык бардык көрсөткүчтөрү жогору турат. Дал ушул мамлекет Кыргызстандын Европа Биримдигиндеги эң жакын кызматташы катары саналат. Өлкө эгемендүүлүккө ээ болгондон бери көп тармактарда байланыш түзүлгөн. Аны дагы бекемдеп, пайдаланыла элек мүмкүнчүлүктөргө жол ачуу президенттин расмий визитинин негизги максаты болду.

Берлинге чейин мамлекет башчысы Мюнхенде Бавариянын жетекчилери менен жолукту. Эки өлкөнүн ондогон ишкерлери чогулган бизнес-форумда Кыргызстан инвестициялык климатты жакшыртууга бардык зарыл болгон шарттарды түзүп жатканы белгиленди. Ишкерлердин ортосунда кызматташуу боюнча бир нече келишимдерге жетишилди. Биргелешкен ар бир долбоорго миллиондогон евро каражат сарпталат. Алардын айрымдарын атап көрөлү.

Мамлекет башчысы дээрлик ар бир жолугушууда кооперативдердин өлкө экономикасы үчүн мааниси жогору экенин белгилеп жатты. Бир учурдагы жоюлуп кеткен жамааттык чарбаларды калыбына келтирүү зарыл экенин убакыт көрсөтүүдө. Кыргызстан бул багытта Германиянын тажрыйбасын пайдаланууну максат кылат. Түзүлгөн келишимдердин катарында дал ушул тармактагы кызматташуу да бар.

Кыргызстан Европа Биримдиги тарабынан ВСП+ макамы берилген Борбор Азиядагы жалгыз өлкө. Бул уюмдун мейкиндигине товарлардын 6 миңдей түрүн экспорттоого жол ачат. Өлкө дал ушул артыкчылыкты натыйжалуу пайдаланууну максат кылууда. Кызматташуу билим берүү тармагында да бекемделүүдө. Германия бир нече окуу жайлар менен бирге Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы менен да тыгыз байланышта. Ханнс Зайдель атындагы фонд 17 жылдан бери жер-жерлердеги кызматкерлерди дал ушул окуу жайда билимин жогорулатууга жардам берип келет. Фонддун программасы менен окуп жаткан адистер 7 миң сомго чейин стипендия алып, жатакана менен да камсыз болушкан. Мамлекет башчысынын визити менен жетишилген келишим бул кызматташууну дагы бекемдейт. 

Маанилүү келишимдер эки күндүн ичиндеги бир нече жолугушуулардын үзүрү. Президенттин расмий визитине дипломаттар, ар тармактардын өкүлдөрү бир нече ай даярдык көрүшкөн. Мамлекет башчысы Берлинде Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, Бундестаг төрагасы Вольфганг Шойбле жана соңунда Федералдык канцлер Ангела Меркель менен жолукту. Массалык маалымат каражаттары үчүн биргелешкен билдирүүдө келишимдер 1 миллиард евродон ашаары белгиленди.