Кыргызда кандай гана той-маараке болбосун касиеттүү тамагыбыз болгон-Умай эненин сүмөлөгүсүз өтпөөрү кагазга жазылбаган мыйзам катары калыптанып келе жатат. Манас атанын чоролорунун касиеттүү тамагын эк элечек апалар 12 саат бою кайнатып даярдашты. Жакшы ниет, ак тилектер айтылып, ыр-күү, бий менен коштолду. Ыйык тамактын жасалуу шаанисине ТҮРКСОЙдун Баш катчы Дюсен Касеинов баштаган расмий коноктор да күбө болду.
Майрамдык дастарконго коюлуучу негизги тамак 20-апрель күнү ачылды. Бетине түшүп калган буудай, ай-күн, тоолордун элестерин ак элечек апалар токчулук, тынчтык, ынтымак болот экен деп чечмелеп берди. Андан соң, сүмөлөккө арналып бышырылган жети токоч таратылып, сүмөлөк ооз тийгизилди.
Меймандар “Ош - Түрк дүйнөсүнүн маданий борборунун” расмий жыйынына чогулушту. Эл аралык маданий салтанатка катышуу үчүн өлкөнүң 21 мамлекетинен 500 ашуун катышуучу келген.
Эзелтен башкалардан меймандостугу, дүйүм-тамакка жык толгон дастаркону менен эл оозунан түшпөй келген кыргыз калкы бул жолу да дастарконун кенен жайды. Фестивалда дүйүм-тамактын эле миңден ашуун түрү коюлду. Кыргыздын беш бармак, олобосунан тартып, казак элинин тамшанып ичкен улуттук суусундугу кымыз менен шубаты, даамдуу жасоо ыкмасы боюнча астына ат салдырбаган түрк элинин түрдүү шишкебектерин көрүүгө болот. Коноктордун көңүлүн, бир метрлик нан менен, казан-казан болуп бышкан палоо, тандыр самсалары кайдыгер калтырган жок.
Өзгөн күрүчүнөн жасалган бир тонна палоо Шаардык мэриянын атынан тартууланды. Расмий делегациянын курамы ар бир улуттун каада-салты менен жакындан таанышты. Бири-бирине жуурулушкан түрк тилдүү элдердин бүйүр кызыткан маданияты конокторду кайдыгер калтырган жок.
Ал арада, борбордук аянтта орун алган 10 боз үйдө кыргыздын үрп-адаты, каада-салты көрсөтүлдү. Меймандар кыргыз салтына күбө гана болбостон, ар бирине кызыгып, сурап, кенен маалымат да алып жатышты. Салт көрсөтүү учурунда, Ноокаттын бир жаштагы тургунунун тушоосун ТҮРКСОЙдун Баш катчысы өзү кесип берди. Баш катчынын колунан тушоо кесүү бактысына татыган бул бала ата-эне, жакындарынын гана эмес, жамы айылынын сыймыгы болуп калаары шексиз.