Паспорт чырын саясий нукка буруу аракети жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы билдирди. Мекеме тараткан билдирүүдө айтылгандай, эки айга тергөө абагына камалган Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу "Инфоком" мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Талант Абдуллаев 2016-жылы бир нече жолу тендерде уткан компаниянын өкүлү менен алгач Лондондо, кийин Алматы шаарында жолуккан.
Тендерде паспорттун бланктарын даярдоого сумманы аз көрсөткөн компаниялар тандалбай калгандыктан өлкөгө 253 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Эске салсак, 17-апрелде Биринчи май райондук сотунун чечими менен тендер чырына байланыштуу кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев эки айга тергөө абагына камалган. Алар паспорт бланктарын даярдоо боюнча тендерде “белгилүү бир компаниянын кызыкчылыгына аракет” кылышкан деп айыпталып жатышат.