Кыргызстанда адал эт паркын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.
Өкмөт Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясы менен үч тараптуу келишимге кол койду. Ага ылайык, адал эт паркын ачуу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгат. Бул үчүн донор тарап 380 000 доллар грант бөлүп берет.
Ал эми кыргыз тараптын салымы 50 000 доллар болот.
Долбоор ишке ашса Кыргызстанда алгачкы адал эт паркы ачылат. Малды багуу, ветеринардык тейлөө, этти сактоо, иштеп чыгуу жана бөлүштүрүү иштери бир тутумдун алкагында жүргүзүлөт.
Кыргызстандын калкынын 90 пайызга жакыны мусулмандар.