"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эрежесин бузган айдоочуларга айып салына баштаганына бир жарым ай болду. Бул аралыкта жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоо боюнча жетишкендиктер менен катар эле кемчиликтер да бар.
Жалпы жонунан жолдордогу абал жакшырды делген менен, жол эрежелерин бузган фактылар аз эмес. Анын арасында жол эреже бузуунун 10 дон ашык түрү бар.
ГРАФИКА:
Жол белгилеринин талаптарын сактабагандар - 19492
Көрсөтүлгөн ылдамдыктан саатына 20 чакырымга ашыра айдагандар - 17747
Саатына 10 чакырымга ашыра айдагандар - 5685
Саатына 40 чакырымга ашыра айдагандар - 1438
Токтоочу сызыктан өтүп токтогондор - 1230
Жол чийиндин талаптарын сактабагандар - 254
Жөө адамдар өтө турган жол чийинден эреже бузгандар - 184
Саатына 60 чакырымга ашыра айдагандар - 166
Жол чыракка карабай өтүп кеткендер - 128
Каршы тилкеге чыккандар - 102
Аялдама же унаа токтотуучу жайдан эреже бузгандар - 2
”Коопсуз шаар” долбоору башталгандан бери бир туруп тыгын, бир туруп жол чырактары аз убакытка гана күйүп жатат деген нааразылыктарды жаратып келген "Горький - 7-апрель көчөлөрүнүн кесилиши, бул ирет эң көп эреже бузуу катталган аймак катары аныкталды. Мындан башка шаардагы көпүрөлөр жайгашкан жолдордон да, айдоочулар катуу ылдамдыкта өтүп, жол эрежелери сакталбай жатат. Ушул кезге чейин жалпы жонунан 46 миңден ашык жол эреже бузуу катталган.
Ушул тапта айыпка жыгылгандардын 49 пайызы айып пул төлөштү. Билдирүү кагаздарын алгандан кийинки 15 күндүн ичинде 50 пайыз арзандатуу менен төлөнгөндүгүн эске алганда өлкө капчыгына 33 млн сом түшкөн.