1984-жылы түптөлгөн ошол кездеги пресс-бюронун биринчи маалымат катчысы Виктор Ярцев болгон. Учурда ар бир район, облус жана республикалык башкармалыкта маалымат катчылар иш алып барат. Алар коомчулук менен тартип сакчыларын байланыштырып, элдин коопсуздугу үчүн кылган эмгеги зор.
ИИМдин алгачкы маалымат катчысы генерал-майор Жусупбек Акматовдун бекитүүсү менен Виктор Ярцев дайындалган. Эки жылдан кийин Эдил Искаков бекиген. Бүгүнкү күндө маалымат кызматта иштеген штаттык кызматкерлердин саны ондон ашат.