Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайлардын курулуштары мыйзамсыз башталгандыгы аныкталып, тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан аны токтотуу боюнча эскертүүлөр берилди.
Өткөн жылы Жалал-Абад шаарынын аймагына 7 көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушу башталган. Үйлөрдүн арасынан эң бийиги 9 кабатка чейин жетет. Ал курулуштарды экотехинспекция текшерүүгө алган. Анда 6 көп кабаттуу үйдүн уруксат кагазы толук эмес болуп чыккан. Мындан улам ишкерлерге эскертүү берилип, курулушту токтотуу талабы коюлган. Маалыматка ылайык, үйлөрдүн курулушунун мыйзамсыз деп табылышына аба кодексинин талаптары жана айрым мыйзамдар бузулганы себеп болгон. Башкача айтканда, 6 көп кабаттуу үй аэропорттун тыюу салган айланасына курулуп жатат.
Ал эми көп кабаттуу үй куруп жаткан ишкерлердин айтымында, мамлекеттик органдар тарбынан мыйзамсыз деп коюлуп жаткан талаптар өзү негизсиз. Ишкерлердин белгилөөсүндө, жарандык авиация боюнча чыккан буйрук чийки болуп калган. Себеби, ал жерде аэропорттун 2 миң метр айланасына эч кандай курулуш курууга болбойт деп көрсөтүлгөн. Аэропорт шаардын чок ортосунда болгондуктан, эгер жарандык авиациянын талабы боюнча 2 миң метр айланасын эсептеп чыкканда калаанын 68 пайызына курулуш жүргүзүүгө болбойт экен.
Калаа башчысы Мураталы Тагаев курулуш иштерине жолтоо болгон айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү, аэропорттун 2 миң метр айланасындагы аралыкты 500 метрге чеийн жылдыруу боюнча өкмөткө кат жөнөтүлгөнүн айтат.