Жаңылыктар
Ош шаарындагы айрым көчөлөр убактылуу жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарындагы айрым көчөлөр убактылуу жабылат

19-20-апрель күндөрү Ош шаарындагы айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди. 

Анын айтымында, "Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эл аралык салтанаты учурунда жол тыгындарын алдын алуу жана коопсуздук үчүн маданий иш-чаралар белгиленчү жайларга жакын жайгашкан айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Бул күндөрү Курманжан датка менен Совет, Ленин менен Нурматов, Ленин жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилиши жана Курманжан датка менен Сай-Бою көчөлөрү жабылат. Аталган жол кесилиштерин милиция кызматкерлери көзөмөлдөйт.