Жаңылыктар
“Акнет” компаниясынын айланасындагы кырдаал
Кыргызстан жаңылыктары
“Акнет” компаниясынын айланасындагы кырдаал

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы “Акнет” компаниясынын айланасындагы кырдаал боюнча маалымат берди. Буга чейин аталган компанияга акционерлердин биринин берген арызына ылайык кылмыш иши козголгон. 

Ал берген арызында “Акнет” компаниясы салык төлөөдөн качканын айткан. Текшерүүнүн жыйынтыгында, компаниянын банктагы эсеби камакка алынып, кийинчерээк кайра алынган. 

Ал эми социалдык тармактардын колдонуучулары банктагы эсептин камактан бошотулушун мыйзамсыз экендигин жазып, нааразычылыктарын билдиришкен. 

Бирок, бул кадам көптөгөн өтүнүч каттардын негизинде жасалган. Катта бул эсеп аркылуу компаниянын киреше-чыгашаларынын төлөнө тургандыгы көрсөтүлгөн. Андан сырткары, социалдык тармактарда эки адамдын компаниянын мындан аркы тагдыры жөнүндө сүйлөшүп жаткан тасмасы тарады. Тасмадагы адамдардын бири компаниянын жетекчиси экендиги белгилүү болду.