Жаңылыктар
Ордо калаада "Food expo Kyrgyzstan-2019" Эл аралык көргөзмө форуму өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Ордо калаада "Food expo Kyrgyzstan-2019" Эл аралык көргөзмө форуму өтүүдө

Ордо калаада "Food expo Kyrgyzstan-2019" деп аталган Эл аралык көргөзмө форуму өтүүдө. 

Көргөзмө 3-жолу уюштурулуп, 8 мамлекеттин 50 компаниясы катышууда. Арасында европалык жана жакынкы чыгыш өлкөлөрүнүн Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрү келди. 

Көргөзмөгө эт, сүт азыктары, айыл чарба техникалары жана коомдук тамактануу жайлары үчүн жабдуулар коюлган.

Кыргызстанда 350 чоң кайра иштерүүчү компания бар. 10 000ден ашуун жеке ишканалар бар. Көргөзмөнү өткөрүүгө айыл чарба министрлиги  жардам берип келет, - деп билдирди Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркин Чодуев.

Көргөзмөгө келген адистер маанилүү көйгөйлөрдү талкуулап, өндүрүүчүлөр менен түзмө-түз иштөөгө, эки тараптуу келишим түзүп, байланышты бекемдөөгө жаңы мүмкүнчүлүк алышты. 

Иш-чара 18-апрелге чейин уланат.