Ысык-Көл облусунда орус элинин улуу саякатчысы, аскер-географы жана илимпоз Николай Михайлович Пржевальскийдин 180 жылдыгына карата иш-чара болду. Саякатчы Борбордук Азияга 5 жолу экспедицияга чыгып, адамдын буту тие элек мейкиндиктерин жөө жана атчан кыдырып, жалпы 33 миң чакырым жол баскан.
Ал ошол кезге чейин изилденбеген тоо кыркаларын сүрөтөп жазган. Пржевальский Азиядагы чоң чөлдөргө, анын ичинде табышмактуу Гоби аймагына биринчи болуп илимий мүнөздөмө берген.
Ал Кытайдагы эң ири дарыялар, Янцзы жана Хуанхэ башталган жерлерине барган. Аны менен катар Азиядагы элдердин үрп-адаттарын изилдеп, аба ырайынын өзгөчөлүктөрүн кунт коюп байкаган.
Окумуштуу жыйнаган гербарий 15 миңден ашуун өсүмдүктү камтыган. Пржевальский акыркы сапарында Ысык-Көлдүн жээгинде келте оорусунан каза болгон. Сөөгү өзүнүн суранычы боюнча Каракол шаарына жакын жерге, көлдүн боюна коюлган. Бүгүнкү күндө ал жерде эстелик орнотулуп, музей иштейт.