Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдыгын белгилөөгө кам көрүлө баштады. Учурда Чүй облусунда кандуу согушка катышкан 43 ардагер бар. Алардын эң жашы 93 жашта. Ошондой эле, орукта иштеген 135 ардагер бар.
Белгилей кетсек, согуш майданына Кыргызстандан 300 миңден ашуун адам кетип, жарымы үйүнө кайтып келген эмес. Учурда ардагерлердин ар бири айына 30 миң сомдун тегерегинде пенсия алышат.