Жаңылыктар
Кыргызстанда жылына 20-30 көп кабаттуу үй пайдаланууга берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда жылына 20-30 көп кабаттуу үй пайдаланууга берилет

Бирок курулуштардын сапатын айтпаганда да, сырткы жасалгасы долбоор менен дал келбей калган учурлар арбын. Бишкек шаардык архитектура башкармалыгы журналисттер менен пресс-тур өткөрүп, ордо калаадагы өзүм билемдик менен жасалгаланган имараттарды кыдырып чыкты. Ибраимов көчөсүндөгү бул жаңы бүткөн Viktori имаратын курууга уруксат алган мезгилде, анын пландагы көрүнүшү бир аз башкача болчу. Сырткы көрүнүшү күрөң түстөгү баалуу таштар менен кооздолуп, сапаттуу керамогранит коюлмак. Бирок иш жүзүнө келгенде андай эмес болуп чыкты. 

Астыңкы кабаты жалаң дүкөн, калгандары турак үй болуп турган имарат болсо, ордо калаадагы Жунусалиев көчөсүнөн орун алган. Баштапкы планда көрүнүп тургандай, сырткы жасалгасы менен колдонула турган курулуш материалдар бири-бирине таптакыр дал келбейт. Эң кызыгы Viktori жана Megacyti деп аталган эки имаратты тең бир эле “Мегастрой” компаниясы курган. Кандай себеп менен арзан курулуш материалдары колдонулгандыгын тактоо иретинде компаниянын кабылдамасына байланыштык. Бирок өзүбүз байланышабыз деген убададан башка маалымат ала албадык. Тынчтык проспектисинин жогору тарабына салынып жаткан "КG групп" компаниясына таандык бул бүтө элек имарат дагы баштапкы долбоорун бузган. 

Архитекторлорго берилген документте таптакыр башкача көргөзүлсө, компания көнүп калган күрөң түстөгү арзан материал менен сыртын жасалгалап баштаган. Компания өкүлдөрү жасалгалоо аягына чыга электигин маалымдашып, али да болсо өзгөртүүгө убакыт бар экендигин билдиришти. Бишкек шаардык архитектура башкармалыгы тастыктагандай, кайсы гана имарат болбосун, колдонууга берилээрден мурда экотехинспекциядан баардыгы жайында деген уруксат кагазын алат. Демек, бул имараттарды текшерүүдө жана кабыл алууда дал ушул көзөмөл кызматы жооп бериши керек. Курулуш эрежелерин бузган фактылар ордо калаада ондоп саналат. Ал эми баардык курулуштарды баштан аяк колдонууга берилгичекти көзөмөл кыла турган мамлекеттик орган экотехинспекциянын берген жообу бул болсо, анда курулуштун сырты эле эмес, ичинде эреже бузуулар жок деп ким кепилдик бере алат?