Жаңылыктар
Кыргызстан менен Германия билим берүү тармагында ийгиликтүү кызматташып келет
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Германия билим берүү тармагында ийгиликтүү кызматташып келет

Бишкектеги айрым окуу жайларда Кыргыз-Герман факультеттери, институттары иш алып барууда. Мындан сырткары Ханнс Зайдель атындагы фонд жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында эмгектенген адистердин билимин тереңдетүүгө көмөктөшөт.

Германиядан келген Фольне Айкмайер бир жарым жылдан бери Насирдин Исанов атындагы курулуш, транспорт жана архитектура университетинде сабак берет. Кесиби тарыхчы адис студенттерге немис тилин үйрөтүүдө. Университеттеги Кыргыз-Герман факультетине 2 жыл мурда институт макамы ыйгарылган. Учурда анда 150дөй студент билим алууда. Көпчүлүгү маалымат технологияларынын сырларын үйрөнүү менен алек. Алдыңкы студенттер билим алууга же белгилүү ишканаларда тажрыйба топтоого Германияга жөнөтүлөт. Батыш Германия университети окуу жайдын негизги өнөктөшү.

Мамлекеттик органдарда иштеген адистердин билимин өркүндөтүү Кыргызстан менен Германиянын билим берүү тармагындагы тыгыз кызматташтыгынын дагы бир далили. Ханнс Зайдель фонду жер-жерлердеги адистердин Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында билим алуусуна шарт түзүп берет. Аталган фонддун көмөгү аркылуу жатакана менен камсыз болуп, ай сайын 7 миң сом стипендия алып окуп жаткандардын катарында Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнүн экономисти Канатбек Кененбаев да бар. Ал бир жылдык программа менен билим алууда.