Жаңылыктар
"Акнетке" карата козголгон кылмыш иштерди ИИМ иликтейт
Кыргызстан жаңылыктары
"Акнетке" карата козголгон кылмыш иштерди ИИМ иликтейт

«Акнет» компаниясына козголгон иштерди Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы иликтейт. Министрликтен билдиргендей, Башкы прокуратура Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө бөлүмү кыскарткан беш кылмыш ишин кайра жандантып, аны иликтөөнү 28-мартта ИИМдин тергөө кызматына өткөрүп берди. 

Финполиция «Акнетке» каршы Жазык кодексинин «Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу», «Уюмдардын бюджетке салыкты жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу», «Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» жана «Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу» менен иш козгогон. Финполиция былтыр ноябрь айында Бишкектеги «Акнет» телекоммуникациялык компаниясынын башкы кеңсесин текшерүүгө алган. Текшерүүчү орган аталган фирманын үстүнөн ири өлчөмдө салык төлөбөгөнү боюнча арыз түшкөнүн кабарлаган. Ушул иштин алкагында быйыл февралда «Акнет» жоопкерчилиги чектелген коому жашырды деген 150 миллион сом салык өндүрүлгөн.