Жаңылыктар
Өлкөнүн өнүгүү жолу
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнүн өнүгүү жолу

Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн президенттик мөөнөтүндө парламентте экинчи жолу чыгып сөз сүйлөдү. Өткөн жылдын 27-июнунда өлкө башчысы коомчулукка кайрылганда, өлкөнүн кыска жана узак мөөнөттөгү өнүгүү жолу, анын алкагында аткарыла турган иштерди белгилеп, үч бийлик бутагынын эриш аркак, биргелешип иштөөсү гана ийгиликке жеткирерин баса белгилеген.

Президент өлкөнүн социалдык экономикалык абалына кеңири токтолуп, акыркы бир жарым жылда аткарылган иштердин кыскача жыйынтыгын чыгарган. Буга катар артыкчылыктуу багыттардан болгон коррупцияга каршы күрөш, сот укуктук реформа, өлкөнү санариптештирүү маселесине басым жасап, азыркы дүйнө тез өзгөрүп жаткан заманда глобалдуу чакырыктарга туруштук берип, адам потенциалын жогорулатууну биринчи орунга койду. Мына ушул маселелердин бардыгы биринчиден президенттин шайлоо алдында берген убадалары болсо, экинчиден эл тарабынан айтылган арыз, кайрылуулар болчу.