Азыркы учурда өкмөт анын эсебин чыгарып жатканын президент Сооронбай Жээнбеков парламентте сүйлөгөн өзүндө билдирди. Өлкө башчысы ага катар “Келечектин мектеби” долбоору тууралуу айтып, анын алкагында ар бир аймакта онго жакын так жана техникалык адистиктер, көп тилдүүлүккө багытталган мектептер болорун белгиледи. Билим берүү менен бирге саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө багытталган бир катар долбоорлор ишке кирди.Мындан сырткары айыл чарба, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация, энергетика жана өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири.
Улуттун саламаттыгы үчүн өмүр сакчылыгында он эки жылдан бери тургандардын бири кардиохирург Аскар Рахимбаев. Дарыгер күнү-түнү жумушунда... Чукул операциялар болуп калышы мүмкүн деп кайсыл учур болбосун даяр. Күнүнө үч же төрт кишиге жүрөккө беш сааттык операция жасаган кардиохирург жылына беш жүздөн ашык оор операцияларды жасайт. 12 жылдык тажрыйбасы бар кардиохирургдун алган маянасы болгону 10 миң сомдон араң ашат. Анысы да үй-бүлөсүнүн кем карчына эптеп жетет. Ага карабастан Аскар сүйүктүү кесибин таштабай ишин улантып келет.