Президент Сооронбай Жээнбеков дүйнө чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушту. Жолугушууга ошондой эле анын машыктыруучусу Павел Федотов, "Кулатуу Эр таймаш ММА" Дүйнөлүк федерациясынын жетекчиси Руслан Кыдырмышев жана Валентина Шевченконун апасы - Елена Шевченко катышты. Анда өлкө башчы Валентинаны жеңиши жана аялдардын эң жеңил салмагында чемпиондук курду жеңип алышы менен куттуктады.
Ал эми машыктыруучу Павел Федотовго спортчуларды даярдоо чеберчилигинин эң жогорку деңгээли, туруктуулугу, машыктыруучулук таланты жана өз тарбиялануучуларына терең ишенгендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Өзгөчө ыраазычылыкты президент - Кыргызстанга Валентина сыяктуу дүйнөнүн көп жолку чемпионун тартуулап, талыкпаган эмгеги менен спорт дүйнөсүндөгү жеңиштердин туу чокусуна жеткирген апасы Елена Шевченкого билдирди. Валентина Шевченко болсо Президент Сооронбай Жээнбековго жана бардык кыргызстандыктарга колдоосу жана жылуу тосуп алганы үчүн ыраазычылык билдирип, кайда гана болбосун ар дайым мекендештеринин жалындуу колдоосун сезип, күч-кубат алып турганын белгиледи. Муну менен катар ал - Мекенге, өзгөчө Ысык-Көлгө болгон сүйүүсү дайым анын жүрөгүндө экенин белгиледи.
Мамлекет башчысы Валентина Шевченкону "Даңк" ордени менен сыйлады, Павел Федотовго "Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" ардактуу наамы ыйгарылды. Руслан Кыдырмышев жана Елена Шевченко Кыргыз Республикасынын энчилүү сааттары менен сыйланышты. Коноктор мамлекет башчысына символикалуу белектерди тапшырышты. Алардын бири кол капка Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн кол жазмасын калтырды.