Мамлекеттик ипотекалык компания 2020-жылга карата 8 миң үй-бүлөгө ипотекалык насыя берүүнү пландап жатат. Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев билдирди. РАС: Анын айтымында, учурда кошумча каражат тартуу үчүн эл аралык каржы уюмдары менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Нурбек Эстебесов Кыргыз орус Славян университетинин урология кафедрасынын улук окутуучусу болуп эмгектенет. Буга чейин ал дагы башка жаш үй бүлөлөрдөй эле батирден батир алмаштырып жашап келген. Ушул жылы көптөн берки кыялы орундалып, өзүнүн жеке турак жайына ээ болду. Мамлекеттик ипотекалык компаниядан насыя алып, январь айында эки бөлмөлүү батир сатып алган.
Ал батирине алгачкы салым катары 30 пайыз же 900 миң сом салып, калган 2 млн сомду ипотекалык насыя катары алды. Жылына 7 пайыздан 15 жылдык мөөнөткө. Учурда айына 22 миң сомдон төлөп жатат. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кызматынан пайдалануу жеңил жана ыңгайлуу болгонун айтат.
Мамлекеттик ипотекалык компания 2020-жылга карата 8 миң үй-бүлөгө ипотекалык насыя берүүнү пландап жатат. Бул үчүн бюджеттен 500 млн сом бөлүнөт жана келечекте бул сумманы 1,5-2 млрд сомго жеткирүү тапшырмасы коюлган. Бактыбек Шамкеевдин айтымында, азыркы учурда эл аралык донорлор менен мамлекеттик ипотека багытына кошумча каражат тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
2015-жылдан бери Кыргызстанда жалпы 4 млрд 700 млн сомдук ипотекалык насыя берилип, 16 миңден ашык жаран үйлүү болду. Компания 14 банк менен өнөктөш катары иштөөдө. Ал эми бүгүнкү күндө ипотеканын пайыздык чени 7-9 % чейин кыскартылган, алдыда аны 6 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча иштер жүрүүдө. Андан сырткары компания учурда ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу үстүндө иш алып барууда.
Келишимдер эл аралык немец өнүктүрүү жана Азия өнүктүрүү банктары менен түзүлөрү күтүлүп жатат жана анын жалпы суммасы 50 млн еврого жакын. Азыркы учурда болсо борбор калаада мамлекеттик ипотека алууга 700 кишинин арызы каралып жатса, ал эми жалпы кезекте тургандардын саны 7 миңден ашык.