Адистердин айтымында, Бишкектен ипотекага үй алгандар көп. Бул шаардын кеңейип жатканынан кабар берет.
Бирок, анын жака белиндеги конуштар борбор калаанын борбордук бөлүгүнөн 50-100 жылга артта калууда. Жаңы конуштардын инфратүзүмү качан шаардын борборундагыдай болот? Буга азырынча жооп берүү кыйын. Анткени отурукташканына 10 жылдан ашык убакыт өтсө да аты жок айылдар бар.
Чынгыз Малабеков Бишкектин чекесинен жер алып, кичинеден үй тургузуп жашап келатканына 10 жылдан ашты. Дал ушул жерден 4 балалуу болуп, очор бачар үй-бүлө болду. Бирок эле элчилеп оокат кылайын деп баштаса, баары келип эч жерде катталбаган жаран катары көйгөй башталат.
Мындай жагдай балдардын мектепке жана бала бакчага кирүүсүн татаалдантты. Башкасын айтпаганда да балдар сыркоолоп калса эч кайсы оорукана кабыл албайт.
Тургундар өздөрү эле атап алган Алтын Казык конушунда мындай үй-бүлөөлөр миңден ашык. Ал эми ага жанаша жайгашкан Алтын Казык-Канат жана Алга Элим айылдарын кошкондо жалпы жонунан 4 жарым миңдей түтүн бар. Айылга жол салуу, свет тартуу, суу чыгаруу сыяктуу маселелерди эбак эле өздөрү биргелешип чечип алышкан.
Баардык көйгөйлөрү чекесинен чечилип келаткан конуштагылар, эми үйлөрүн мыйзамдаштырып алсак деген ниетте. Себеби алар жашап жаткан жерлердин баардыгы кезегинде мыйзамсыз түрдө басып алынган жерлердин катарында.
Жардам сурап кайрыла берип, мыйзамсыз жер басып алуучуларга эч кандай жардам болбогондуктан, 3 конуштун эли биригип, айылдардын түптөлгөнүнүн 15 жыл болгонун белгилеп жатышат. Бул да болсо бийликтегилердин көңүлүн бурдурууну максат кылат.
2005-жылдан кийин айрыкча Бишкектин айланасындагы бир катар жер тилкелерин өз алдынча басып алуу менен турак жайлар курулган. Бирок сугат жерге үй салууга уруксат жок болгондуктан бул үйлөр мыйзамсыз бойдон калууда. Былтыр өкмөт айдоо жерлерге там салынып калган тилкелерди трансформация кылып, мыйзамдаштыруунун негизги этабына киришкенин айта кетели. Анда 14 миң гектар деп тизме түзүлүп, анын 9 миңдейи трансформация болоору аныкталган.