Жаңылыктар
Жээнбеков расмий иш-сапары менен Германияга барат
Кыргызстан жаңылыктары
Жээнбеков расмий иш-сапары менен Германияга барат

Президент Сооронбай Жээнбеков 15-16-апрель күндөрү расмий иш-сапары менен Германияга барат. Бул тууралуу Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. Анын айтымында, өлкө башчысынын расмий визити Мюнхен шаарында башталып, Бавариянын жетекчилиги менен жолугушуп, бизнес-форумга катышат. Ханс Зайдель атындагы фонддо мамлекет башчысынын сөз сүйлөшү күтүлүүдө. 

16-апрелде болсо Берлинде Сооронбай Жээнбеков Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушуп эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле кыргызстандык мекендештер менен жолугушары да пландалган.